• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Ош облусунун медицина кызматкерлерине август айы үчүн 62,5 млн сом кенемте төлөнөт

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Ош облусунда коронавируска каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине август айы үчүн 62 млн 550,7 миң сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдиргендей, Ош облусунда август айы үчүн кенемтени 3 миң 127 медицина кызматкери - 828 дарыгер, 1 миң 179 орто жана 834 кенже персонал, саламаттык сактоо мекемелеринин 286 кызматкери алат.

Пикир

Оставить комментарий