• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. «Гансиде» кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. «Семетей» обсервациясында (мурдагы «Ганси» авиабазасы) кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жайга суу, электр энергиясы жана канализация системалары орнотулду.

Мындан тышкары, кычкылтек концентраторлорун орнотуу иштери жүргүзүлдү. Учурда бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 112 орундук кычкылтек менен камсыздалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Семетей» обсервациясында жаткан жарандарга, аларды тейлеп жаткан медициналык персоналдын, ӨКМ, ИИМ кызматкерлеринин кошумча шарттарын жакшыртуу максатында тиешелүү меселелерди чечүү үчүн жеринде иш алып барды.

Пикир

Оставить комментарий