• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Сырттан 333,3 млн доллар алынган. Анын 260,2 млн доллары бюджетти колдоого жумшалган

Экономика 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата эл аралык донорлордон 333,3 млн доллар алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

"Анын ичинен 260,2 млн доллар бюджетти колдоого жумшалды. 44,1 млн доллар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилди, 29 млн доллар экономиканы колдоого жумшалды", - деди ал.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

Пикир

Оставить комментарий