• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Түркмөнстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.21./Кабар/. Түркмөнстанда 1-апрелден тарта коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр жумшартылууда. Бул тууралуу centralasian кызматы кабарлады.

Бир жылдык тыныгуудан кийин өлкө ичиндеги темир жол жана автобус каттамдары калыбына келтирилди. Жүргүнчүлөр билетти COVID-19 жок экенин ырастаган маалымкат көрсөтүп ала алышат.

Мындан тышкары калктын өлкө ичиндеги жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөр да алынды. Буга чейин бир аймактан экинчи аймакка барууну каалаган жарандардан наркологиялык, психиатриалдык жана кургак учук диспансерлеринен, жергиликтүү полиция бөлүмүнөн алынган маалымкаттар, ошондой эле жүйөлүү себеп талап кылынган.

1-апрелден тарта өлкөдөгү мейманканалар да кардарларды кабыл ала башташты. Алардан коронавирус жок экенин ырастаган тесттин жыйынтыктары гана талап кылынат. Тесттин баасы 102 манатты (расмий курс боюнча 29,1 доллар) түзөт.

Өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип келген түркмөн өкмөтү былтыр чектөөлөрдүн эмне себептен киргизилип жатканын расмий түшүндүргөн эмес. Эми чектөөлөрдүн алынышы боюнча да эч кандай маалымат тараткан жок.

Чектөөлөрдүн алынышы менен катар өлкөдө калкы коронавируска каршы эмдөө иштери уланып, карантиндик жайлар кеңейтилип, жаңылары ачылууда.

Пикир

Оставить комментарий