• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Жалал-Абадда медицина кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы вакцина алып баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектен медицина кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө, вакцина алгандардын саны 100дөн ашты.

Вакцина алганга чейин кызматкерлер алгач медициналык текшерүүдөн өтүп, зарылчылык бар же жок экени аныкталып жатат. Эмдөөдөн өткөндөргө 21 күндөн кийин экинчи эмдөө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий