• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19дун үчүнчү толкуну. Кыргызстанда жаштар жана балдар арасында ооругандардын саны өсүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда жаштар жана балдар арасында COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул туралуу “Кабар” агенттигине Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 400 орундун бары толту, анын 19у балдар. “Кечээ, 20-майда 39 бейтап кайрылып, анын 36 ооруканага жаткырылды, анын ичинде 11 жашка чейинки 4 бала бар. Балдардын арасында 2 айлык наристе дагы бар, андан оң диогноз чыкты. Барынан тынсыздандырганы ПЧР тексти оң чыккан балдар, оор жана орто оордукта пневмония менен келип жаткандар болууда. Азыр өтө оор абалда жандандыруу бөлүмдөрүндө 20-30 жаштардагы жарандар жатат. 111 бейтап аппаратта кармалууда. Бул абдан тынчсыздандырат”,-деди Аалиев.

Башкы дарыгер коронавирустун өсүп жатышынын негизги себеби элдердин жөнөкөй эле санитардык нормаларды сактабай, коомдук иш-чараларга баруусун улантып жатканы деп эсептейт. “Ата-энелери тойго жана эл чогулган башка иш-чараларга барышып, балдарына жуктурушууда. Азыр бизде мутацияланган COVID-19дун бир канча штаммдары аныкталганын жана жайылуу тез жүрүп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек”,-деп эскертти башкы дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий