• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19га каршы эмдөөгө чейин жана кийин кандай тамактануу керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Эмдөөдөн үч-төрт күн мурун фаст-фудду, анын ичинде таттуу сода жана консерванттар көп болгон тамактарды токтотуу керек. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициолог дарыгери Марина Дүйшенкулова брифинг учурунда билдирди.

Дарыгер мунун себебин алардын айрымдары иммунитетти түшүрүү касиетине ээ экени менен түшүндүрөт.

Анын айтымында, ар бир адамдын тамактануусу бардык керектүү заттар, витаминдер жана минералдарды камтуу менен мүмкүн болушунча ар түрдүү болушу зарыл.

“Көбүнчө булар түрдүү түстөгү жашылчалар, чөптөр, жемиштер, эт, жаңгактар, буурчак, дан өсүмдүктөрү. Ошондой эле рационго: эт, балык, сүт азыктарын, буурчак өсүмдүктөрүн жана жумуртканы кошуу зарыл”, - деди Дүйшенкулова.

Ал ошондой эле вирустук эпидемия учурунда катуу чектөөчү диетаны колдонуу сунушталбагандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий