• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 80 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 80 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 17, Чүй облусунда 26, Ош шаарында 9, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 5, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1450 учур катталды, алардын ичинен 536 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9358ге жетти. Алардын ичинен 1450сү медицина кызматкери. Илдеттен 3134 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 122 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий