• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Абдикаримовдо пневмония, орун басарында коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдо пневмония жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда алардын абалы орточо оор, канааттандырарлык деп бааланууда.

“Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдо коронавирус тастыкталган жок. Алар тийиштүү түрдө дарылануудан өтүүдө”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9358ге жетти. Алардын ичинен 1450сү медицина кызматкери. Илдеттен 3134 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 122 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий