• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вирусту чогуу жеңебиз! Россияда иштеген кыргыз дарыгерлери Кыргызстанга учуп келишет

COVID - 19 0


Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлери COVID-19га каршы күрөштө жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен жеткирилет. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Ал билдиргендей, тобокелдикке карабастан, ак халатчандар ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат.

Боронов учурда Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн аймактардан ыктыярчылар тартылганын билдирди.

«Азыркы тапта Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ге жакын дарыгер жана медайымдар келишти. Муну менен катар Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлер жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен жеткирилет. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек», - деди премьер-министр.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, учурда аймактар 94 медкызматкер Бишкекке келишти. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

Видео: Акаков Айбек

Сүрөт: Тимур Саралаев

Пикир

Оставить комментарий