• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. КТРКнын жамааты атайын эсепке 245 миң сом которду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Өлкөнүн башкы каналы болгон Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты коронавирустун республика аймагында таралуусуна каршы күрөшкө колдон келишинче салым кошуу максатында, бир күндүк эмгек маянасын которду. Бул тууралуу КТРКнын сайтында айтылат.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке КТРК тарабынан 245 миң 500 сом келип түштү.

Пикир

Оставить комментарий