• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандар жардам катары берген акча каражаттарды ачык-айкын чогултуу үчүн онлайн ресурс иштелип чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб жарандар тарабынан жардам катары берилген акча каражаттарын ачык-айкын чогултуу үчүн www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизди. Бул тууралуу республикалык штадан билдиришти.

"Ыктыярдуу түрдө акча берүүнү каалаган жарандар www.help.covid.kg ресурсу аркылуу акча которуу үчүн электрондук капчыгы, уюлдук же интернет банкинги бар болушу кажет. Иштелип чыккан ресурс келип түшкөн каражаттарды байкоого алууга жардам берет. Учурда келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 48,3 млн сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жардам көрсөтүүнү каалаган юридикалык жактар банк аркылуу которо алат.

Ыктыярдуу көмөк көрсөтүү үчүн комиссия алынбайт.

"Бардык каражаттар Финансы министрлигинин Борбордук казынасындагы Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине түшөт. Келип түшкөн акча каражаттарынын ачык-айкын сарпталышын атайын түзүлгөн байкоо кеӊеши көзөмөлдөйт. Анын курамына ЖК депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет", - деп билдирет штаб.

Пикир

Оставить комментарий