• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуу муундагы, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар медкызматкерлер акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгарылды - Акматова

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. 65 жаштан улуу, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чаралар коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий