• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдөгү эң кымбат курорт Филиппинде ачылды

Дүйнө 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң кымбат курорт Филиппинде ачылды. Banwa Private Island эс алуу жайы Палаван архипелагындагы жайгашып, толугу менен бир аралды ээлейт, деп жазат Daily Mail.

Ал жака туристтер менен эс алуучулар тогуз кишилик гидроучак менен бара алат. Бул кызматтын баасы 990 доллар турат.

Дагы беш кишилик тик учак менен жетсе болот. Жол киренин эле баасы 11 миң 600 долларды түзөт.

Курортто алты вилла бар, анын ар биринин баасы бир күнгө 100 миң долларды түзөт.

Ар бир вилада океанга чыгуучу бассейндери жана эс алуу үчүн шарттар бар.

Пикир

Оставить комментарий