• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Трамп президенттикке кайрадан талапкер болуп көрсөтүлөрүн жокко чыгарган жок

Дүйнө 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоого кайрадан талапкер болуп көрсөтүлөрүн жокко чыгарган жок. Бул тууралуу мурдагы өлкө башчы Орландодо өткөн консервативдүү саясий аракеттер конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

Трамптын айтымында, азыркы америкалык лидер Жо Байден «администрациянын башчысы катары өзүнүн негизги милдети – АКШнын мыйзамдарын сактоону камсыздай алган жок».

Республикачыл ушундан улам "демократтар орто мөөнөттөгү шайлоодо катуу жеңилүүгө дуушар болушат жана төрт жылдан кийин Ак үйдөн айрылышат" деп ишендирди. “Алар азыр эле Ак үйдү жоготуп алышты. Ким билет балким аларды үчүнчү жолу мен жеңеттирмин”,-деген ал.

Бул Трамптын президенттик ордун өткөрүп бергенден кийинки биринчи жолу элге чыгып сүйлөгөн сөзү болду.

Пикир

Оставить комментарий