• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5,8 миллиондон ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн 829 миң 474 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирустан 2 млн 429 миң 791 адам айыкса, 360 миң 776 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда 1 млн 721 миң 926 киши, Бразилияда – 438 миң 238, Россияда – 387 миң 623, Улуу Британияда – 279 миң 508, Испанияда – 237 миң 906, Италияда – 232 миң 732, Францияда – 186 миң 364, Германияда – 182 миң 450, Индияда – 166 миң 113, Түркияда – 160 миң 979, Иранда 143 миң 849 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий