• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 8 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 8 млн 44 миң 839 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 3 млн 883 миң 390 адам айыкса, 437 миң 137 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 114 миң 26 киши, Бразилияда − 888 миң 271, Россияда − 544 миң 725, Индияда − 343 миң 91, Улуу Британияда − 298 миң 315, Испанияда − 244 миң 109, Италияда − 237 миң 290, Перуда − 232 миң 992, Францияда − 194 миң 305, Иранда − 189 миң 876, Германияда − 188 миң 213 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий