• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9,2 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9 млн 266 миң 21 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 4 млн 632 миң 645 адам айыкса, 477 миң 643 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 347 миң 102 киши, Бразилияда − 1 млн 145 миң 906, Россияда − 598 миң 878, Индияда − 456 миң 183, Улуу Британияда − 307 миң 682, Перуда − 260 миң 810, Чилиде − 250 миң 767, Испанияда − 246 миң 752, Италияда − 238 миң 833, Иранда − 209 миң 970, Францияда − 197 миң 804 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий