• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 млн 58 миң 581 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, дүйнөдө илдетти 5 млн 213 миң 991 жаран жуктурган. Ал эми 338 миң 249 адам коронавирустун кесепетинен каза болгон.

Дүйнө жүзү боюнча илдетти АКШда 1 млн 601 миң 434, Бразилияда 330 миң 890, Россияда 326 миң 448, Улуу Британияда 255 миң 544, Испанияда 234 миң 824, Италияда 228 миң 658, Францияда 182 миң 15, Германияда 179 миң 710, Түркияда 154 миң 500, Иранда 131 миң 652 жана Индияда 125 миң 148 адам кабылган.

АКШда өпкөнү сезгенткен дарттын кесепетинен 96 миң 7 киши каза болду.

Пикир

Оставить комментарий