• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Данияда коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учур катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Данияда коронавирустун COVID-2019 түрүн жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу TV 2 телеканалы билдирет.

Сөз телеканалдын кызматкери Якоб Таге Рамлинг тууралуу болуп жатат. Ал өткөн жумада өзүнүн үй-бүлөсү менен Италиянын түндүгүндө жайгашкан тоо лыжа курортунда эс алып келген. Ал үйүнө дүйшөмбү күнү келген, оорунун симптомдору шаршемби күнү эртең менен пайда болгон, ал эми бейшембиге караган түнү ага коронавирус жуккандыгы аныкталган. Ал үй карантининде.

Анын аялынын жана баласынын анализдеринин жыйынтыгы терс болуп чыккан.

Саламаттык сактоо башкармалыгы коронавирус жуккан адам ким менен байланышта болгондугун текшере баштады. Ведомствонун башчысы Сёрен Брустёмдин айтымында, оорунун жугуу коркунучу ооруган адам менен тыгыз байланышта - эң аз дегени 2 метр аралыкта болгондо жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий