• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Дарак ыры" тасмасы Ирандагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Кыргызстандык "Дарак ыры" тасмасы Ирандагы "Фажр" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган фестиваль Тегеран шаарында 18-26-апрель күндөрү болуп өтөт. Ага 75 өлкөдөн келген 109 тасма катышат.

Анда Eastern Vista – Азия жана ислам өлкөлөрүнүн фильмдери бөлүгүндө кыргызстандык "Дарак ыры" жана өзбекстандык "Кайрат" тасмалары көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий