• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы түркиялык көрүүчүлөргө тартууланды

Маданият 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Түркияда Кыргызстан тууралуу баяндаган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен Анкара университети тарабынан өлкөнүн тарыхый жана маданий баалуулуктарын, ошондой эле туризмин таанытуу максатында уюштурулду.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду.

Көргөзмөнүн ачылуу аземинде катышкан Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы, анын ичинде билим тармагындагы кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал мындай иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзүп, бири-бирин дагы жакындан таанууга жол ачат деген ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий