• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» эпосу немис тилинде комикс түрүндөгү сүрөттөр менен басылып чыкты

Маданият 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. «Манас» эпосу немис тилинде комикс түрүндөгү сүрөттөрү менен басылып чыкты, деп билдирет Германиянын Кыргызстандагы элчилиги.

«Манас» эпосу классикалык кыргыз адабиятынын эң көрүнүктүү эпосу, ошондой эле түрк элдеринин эң маанилүү чыгармаларынын бири.

Кыргыз-немец дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында биз өзгөчө бир нерсе ойлоп таптык: немис тилиндеги «Манас» эпосу комикс түрүндөгү образдары менен! Биз жаңы эле басмадан чыккан биринчи барактарды колубузга кармап ырахат алдык! Жаңылыктарга көз салыңыз!» - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий