• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды — фоторепортаж

Маданият 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Жыйынтыктоочу маданий иш-чара Анталия шаарындагы Хашим Ишжан атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында өттү. Анда чоң концерттик программа көрсөтүлүп, катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, КР маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркиянын Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин, Кыргызстандын Стамбул жана Анталия шаарынын башкы консулдары, Кыргызстандан барган расмий делегация, атайын чакырылган расмий меймандар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Элчи Казакбаев сөз сүйлөп, эки элдин ортосундагы достук мамилени өркүндөтүүнү жана акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери өтө элек маданий күндөрдү өтүшүнө негиз салган эки мамлекет башчылары Садыр Жапаровдун жана Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапарларда макулдашуусу тууралуу баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө ошондой эле акыркы жылда өлкө ишенимдүү кадамдарга барып, Кыргызстан күчтүү жана жаркын келечегин куруунун жолуна түшүп жаткандыгын айтып, аны менен катар мындай эл аралык кызматташуу ага бекем пайдубал болоорун мисал келтирди.

Ал эми министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан ысык салам жолдоп, дээрлик 4 күнгө созулган маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталганын белгилеп, бардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө буга чейин маданият күндөрү алгач 1992, 1993-жылдары болуп өткөнүнө токтолуп, бул ирет маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын 32, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына жана түрк дүйнөсүнүн улуу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өтүп жатышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң, Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин Анталияда өтүп жаткан Кыргызстанын маданият күндөрүнүн өтүп жатышы менен куттуктап, өз кезегинде кыргыз-түрк элдеринин боордош, бир тууган эл экенин, мындай алака жана байланыш эки элди жакындатып, мамилесин бекемдей турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын маданият күндөрү 26-ноябрда расмий ачылган.

Пикир

Оставить комментарий