• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаманкулов жана Венгриянын тышкы иштер жана соода министри кызматташтыкты талкуулашты

Маданият 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкөнүн министрлери маданият жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Жаманкулов Венгриянын тышкы иштер жана соода министрине II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышып беришкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар баардык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз иштешүү боюнча макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий