• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Берлин шаарында Өмүрбек Текебаев Айсулуу Тыныбекованы кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев эркин кʏрɵш боюнча Дʏйнɵнʏн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда кыргыз элинин сыймыгы болгон Айсулуу Тыныбекованын спорттогу жетишкендиктери жана алдыга койгон максаттары тууралуу сɵз болду.

Элчи Текебаев Тыныбекованын ар кандай эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Азиянын тɵрт жолку чемпиону, дүйнөнүн эки жолку чемпиону катары кыргыз спортчуларына, ɵзгɵчɵ жаш муундагы спортчуларга дем берип келерин белгилеп, спорттук карьерасына мындан аркы зор жетишкендиктерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий