• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дастан Догоев өз баласын тепкен МККнын кызматкерин кызматтан алууга ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 4.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев өз баласын тепкен Бариэр Адиевди кызматтан ала тургандыгын билдирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Догоев өзү маалымдады.

Ал билдиргендей, Адиев Сокулук Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары.

“Мен бул кызматкерди кызматтан алайын деп жатам. Мындай аракетке барган адамдар МКК системасында иштебеши керек”,-деп билдирди ал.

Ошондой эле, ал кошумчалагандай, Эмгек кодексинде мындай аракети үчүн жетекчи кызматкерин иштен бошото ала тургандыгы көрсөтүлгөн.

“Учурда МКК бул маселени карап жатат”,-деп кошумчалады Догоев.

Эске сала кетсек, социалдык түйүндөрдө видео тарап, анда, эркек киши өз баласын тепкендигин көрүүгө болот. Коомчулуктун нааразычылыгынан улам милиция ал кишини тапкан, ал баланын атасы болуп чыккан.

Кармалган адамга карата кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий