• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде дээрлик 10 тонна контрабандалык минералдык жер семирткич аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Баткенде дээрлик 10 тонна контрабандалык минералдык жер семирткич аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында минералдык жер семирткич карбамид жана аммиак селитрасы товарларын табышкан. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 9 миң 650 кг түзгөн. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 448 миң 200 сомду түздү.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий