• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сыргабаев Жалал-Абаддагы мамлекеттик нотариалдык кеңсени күтүүсүз текшерди

Аймак 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев күтүүсүз Юстиция министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик нотариалдык кеңсесине барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызмат көрсөтүүдө жарандардын нааразычылыктарын жаратып келе жаткан бир катар кемчиликтерди белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл нотариалдык кеңсеге келген тургундарга шарт түзүү, ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, шаар калкын тейлөө үчүн жеткиликтүү болгон штаттык бирдиктерди уюштуруу керектигин эскертти. Облус башчысы алдыда мекеменин тейлөө сапатын жакшыруусун жеке көзөмөлүнө алаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий