• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Декларациялык кампаниянын экинчи этабы башталды - Салык кызматы

Экономика 0

Бишкек, 03.03.20./Кабар/. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабы башталды. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-мартта аяктады.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий