• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дем алуунун жетишсиздиги болгон, пневмониянын белгилери бар бейтаптар ооруканага жаткырылат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20./Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүүнүн иш-аракеттер алгоритмин өзгөрттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болууда.

“Акыркы күндөрү ооруканаларга пневмониянын белгилери менен кайрылган жарандардын саны артууда. Көп учурда келгендердин абалы оор болууда”, - деди ал.

Анын айтымында иш-аракеттер алгоритми өзгөргөнүнө байланыштуу дем алуунун жетишсиздиги, пневмониянын белгилери бар, бирок ПЧР-анализинин жыйынтыктары чыга элек бейтаптар ооруканага жаткырыла баштайт.

“Дененин табы көрөрүлгөндө, курч респиратордук оорунун кандайдыр бир белгилери болгондо өзүңүздөр каттоодо турган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалуу керек. Ал жерден кеңеш алып, дарыланууну баштоо зарыл. Себеби, көп адамдар күтүп отуруп, оору өтүшүп кетип, пневмония пайда болууда. Ошондуктан дене табы 38°С'тан жогору болгон учурда дарыгерлерге кайрылып, тиешелүү дарыланууну баштоо керек. Дем алуунун жетишсиздиги, пневмониянын белгилери бар болсо, ал бейтаптар ПЧР-тесттин жыйынтыктарын күтпөстөн ооруканага жаткырылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий