• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Алмазбек Токторов Ноокат районунун эли менен жолугушууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Токторовдун Ноокат районундагы иш-сапары Кыргыз-Ата айыл аймагында башталып, эл өкүлү алгач Борко айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылган депутат Бишкек ЖЭБинде катталган авариялык кырдаал жөнүндө да маалымат берди. Окуянын себебин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунда күнөөлүү адамдардын аттары ачык жазылбагандыгынан жана өзүнүн кээ бир сунуштары да эске алынбагандыгынан улам ага кол койбогондугун айткан Алмазбек Токторов, ЖЭБди оңдоого кеткен каражатты жумшоодо мыйзам бузуулар арбын экендигин билдирди.

Жергиликтүү эл бир катар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүшүп, анын ичинде айылдагы мугалимдердин орточо айлык маянасы 7-8 миң сомдун гана тегерегинде экенин белгилешти.

Бул көйгөй өтө актуалдуу экенине токтолгон депутат Алмазбек Токторов: “Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү үчүн каржы булагын табуу зарыл. Анткени өлкө казынасынын мүмкүнчүлүгү аз. Мамлекет ири өлчөмдөгү насыяларды да төлөшү керек. Буга да акча жетишсиз. Тилекке каршы, бюджеттеги каржынын аздыгына коррупциялык көрүнүштөр себепкер. Андыктан, Президентибиз тарабынан паракорчулукка каршы күрөштү колдоого алып, мыйзам бузгандардын жазалануусуна көмөк көрсөтүшүбүз керек. Коррупциядан тазалансак, өлкө казынасы көбөйөт. Ошондо бюджеттин мекемелердин кызматкерлеринин да айлыгы жогорулайт”, – деди.

Мындан сырткары, турак-жай маселеси да курч экени айтылып, депутат саркынды сууларды тазалоочу системаны ишке киргизүү аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу жагын да караштыруу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле депутат Келдибек Каримов атындагы орто мектепке да барып, мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугушту. Мектепке спорттук шаймандарды жана компьютер менен эмеректерди алууга сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов Ноокат районундагы жыйырма чакты айылды кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушууну мерчемдеген.

Пикир

Оставить комментарий