• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат: Батышта бир топ кош стандарттар бар

Коом 0

Жакында Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Мындан тышкары, жыл башында президенттик шайлоо өткөн, ал эми күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүү пландалууда. “Кыргызстандагы саясий процесстер жана алдыдагы шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдум өткөрүүдө тышкы факторлордун таасири” конференциясынын жүрүшүндө эксперттер учурдагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулушту, аны КРнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүмүнүн эл аралык ардагерлер ассоциациясы менен өнөктөштүктө КРнын “Пикир” аймактык эксперттер клубу уюштурду.

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын пикиринде, айрым өлкөлөр өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштешет. Коррупция маселеси жөнүндө айта турган болсок, алар ачык-айкын нерселерди көрбөй, республикада кырдаалды туруксуздаштыра турган жагдайларга гана басым жасашат. Жаңы Конституцияга токтолсок, депутат барынан мурда Батыш өлкөлөрүнүн бул маселеге тынчсызданып жатканына таң калганын белгиледи. Мындан тышкары, Строкова батыш өлкөлөрүнүн кош стандарттуулугу тууралуу эске салды.

“Бизде митингдер өтүп жатканда АКШ жана Европа биримдиги демократия үчүн күрөшүү деп эсептешет, ал эми аларда митинг өтсө – бул ички терроризм катары бааланат. Алар нааразычылык акцияларына чыккандарды катаал ыкмалар менен таркатышат, бирок биздин өлкөдө митингге чыккандарга ушундай мамиле жасалса анда бизге көптөгөн сын-пикирлер айтылып, санкция киргизилмек. Пандемия жана былтыркы жылдын июль айынан берки окуяларга байланыштуу айта турган болсок, ал дагы саясий абалыбызга өзүнүн таасирин тийгизди, биздин өлкөдөгү кырдаал канчалык оор болбосун, көптөгөн өнүккөн европалык өлкөлөрдө болуп өткөн окуяларга салыштырмалуу алда канча оңтойлуурак көрүнөт. Ошол эле учурда алар Кыргызстандагы туура эмес башкаруу темасын активдүү айтып келишет”,-дейт депутат.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий