• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат өкмөттөн КРда эмне үчүн уюлдук байланыш кымбаттап кеткендигине көңүл бурууну суранды

Коом 0

Бишкек, 27.09.18 /Кабар/. Депутат Алмазбек Эргешов өкмөттүн өкүлүнүн көңүлүн Кыргызстандагы уюлдук байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасына бурду. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин ар кыл социалдык-экономикалык маселелер каралган отурумунда айтты.

Эргешовдун айтымында, уюлдук компаниялардын тарифтик саясаты жарандардын кызыкчылыктарына жоп бербейт жана кызматтардын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кымбатыраак.

Депутат бул эл аралык чалууларга, башка операторлор менен байланышка, уюлдук интернет кызматтарына байланыштуу экенин кошумчалады. Ал өкмөттөн Кыргызстанда эмне үчүн уюлдук байланыш кымбаттаганына көңүл буруп, териштирүүсүн суранды.

Эске салсак, Улуттук статистика комитети 2018-жылдын башынан бери республикада уюлдук байланыш кызматтарына болгон тарифтер 16,7 пайызга өскөнү байкалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий