• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы? – ИИМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМдин маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы деген суроого жооп берди.

Белгилей кетсек, жакында Токмоктогу ок атышууда депутат Урмат Самаевдин аты аталган. Айрым тараган маалыматтарга ылайык, ал "Чемпион" каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү катары таанымал. Уюшкан кылмыштуу топтун канча өкүлү Жогорку Кеңеште "отурат" деген суроого министр ЖКга өтүп, депутат болуу үчүн жарандар текшерилерин билдирди.

"Биздин маалыматтык борбордо мындай маалымат жок", - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий