• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Мугалимдер күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Бишкекте Мугалимдер күнү белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов катышты.

Программанын алкагында «Жүрөгүмдү балдарга берем-2023» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

«Мыкты мугалим» номинациясында биринчи орунду №21 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Шахсанам Раманкулова, экинчи орунду №88 жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими Казакова Назгүл Өмүрзаковна, үчүнчү орунду № 20 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин кыргыз тил мугалими Жаңыбай кызы Айсулуу ээледи.

«Мыкты жаш мугалим» номинациясында биринчи орун үчүн №9 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили мугалими Нуруйбек кызы Кулпунат, экинчи орун №38 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин физика мугалими, үчүнчү орунду №95 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими Данияр кызы Тансулу жана №86 жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Осмонова Бегимжан Апышевна сыйланды.

«Эң сонун сонун» номинациясында алдыңкы орунга №54 жалпы билим берүү мектебинин орто класс мугалими Казиева Динара Артисбековна, экинчи орунду №82 орто мектептин жогорку класстын мугалими Акылбек уулу Ислам жана №66 окуу-тарбия комплексинин мугалими Тургуналиева Гулзат Муканбетовна бөлүштү. №91 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын класс жетекчиси Орозбек кызы Жамила үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн сыйланды.

«Мыкты тарбиячы» номинациясында биринчи орун үчүн №11балдар бакчасынын тарбиячысы Мамбетсултанова Таттыбүбү Жумабековна, экинчи орунга №100 балдар бакчасынын тарбиячысы Пак Евгения Герасимовна, үчүнчү орун үчүн №43 балдар бакчасынын тарбиячысы Бейшенбаева Алмаш Шералиевна сыйланды.

Сынактын жыйынтыгында билим берүү уюмдары төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
«Мыкты статустуу мектеп» - №69 ОТК ШГ;
«Мыкты билим берүү мектеби» - №96 орто мектеп;
«Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» - №22 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №93 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Борбор калаанын мэриясы жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктайт.

Пикир

Оставить комментарий