• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутаттар тобу жаратылыш коруктарынын беренелерин натыйжалуу пайдалануу демилгеси көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеңеште жаратылыш коруктарын аргандай терс таасирлерден коргоого багытталган “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, демилгечилер – депутаттар тобу.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, өлкөнүн табигый беренелерин натыйжалуу пайдалануу максатында, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын чек тилкелериндеги жерлерди жергиликтүү калктын мал жайыты катары пайдалануусуна, андагы дарылык касиети бар чөптөр менен мөмө-жемиштерди терип алууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. «Бирок, мындай аракеттердин баары катуу көзөмөлдө болушу абзел. Коруктардын өзөк тилкелеринин аянтынын катышын белгилөө ишине окумуштууларды тартуу керек», - дейт ал.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токтой чарба агенттигинин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык корук аймагынын өзөк тилкеси жалпы аянттын 75 пайыздан кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш, бирок айрым коруктардын өзөк жерлеринин чек тилкелериндеги жерлер жаратылыш шартын эске албай эле, мыйзамда белгиленген өлчөмгө жеткиребиз деген ниетте атайылап көбөйтүлгөн. Ошондон улам, жергиликтүү калк арасында нааразычылыктар жаралууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10 мамлекеттик жаратылыш коругу жана 12 жаратылыш паркы бар. Кыргыз жаӊгагынын мекени болгон «Дашман» коругу 2012-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты – 7958 гектар.

Пикир

Оставить комментарий