• 88.68
  • 95
  • 0.95

Депутат К.Иманалиев: «Тажикстандагы кыргызча айылдар менен жер аттары тажиктештириле баштады"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Илгертен тажикстанда жашаган кыргыздар жер титирөөдөн кыйналып турат. Турак жайларынын баары жараксыз болуп калды. Биз өзүбүз дагы кыйналып турганыбызга карабастан, аларга боордош катары жардам беришибиз керек. Жок дегенде, курулуш материалдарын алып берсек, бир топ кем-карчы чечилип калмак. Чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча мыйзамыбыз да бар. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ошону менен бирге, акыркы мезгилде Тажикстандагы кыргызча айылдар менен жер аттары тажиктештириле баштады. Алар байыртан бери келаткан аталыштар. Буга көз жумуп коюуга болбойт. Биздин тажик элчилиги менен бул маселе жаатында пикир алышсак деген ниетибиз бар. Өкмөт дагы өз тармагы боюнча иштиктүү чараларды көрүшү зарыл», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий