• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков Кадамжайдагы А.Масалиев атындагы айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев атындагы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы катышты.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн аймагындагы көйгөйлөр тууралуу учкай маалымат берип, инфраструктурага тиешелүү маселелерди да көтөрүштү. Айрыкча, авариялык абалда үч мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигине токтолушуп, жаңы фельдшердик-акушердик пунктун жана бала бакчанын имаратын да куруу зарылчылыгын кошумчалашты.

Жумабеков айтылган маселелерди чечүүнү өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.

“Өз аймагынын өнүгүшү үчүн далалат кылган сиздердей жигердүү депутаттардын бар экени кубандырат. Алсак, Жогорку Кеңештин да, жергиликтүү кеңештин да депутаттары калк тарабынан шайланат. Андыктан, элдин ишенимин актообуз керек. Баарыбыз биргелешип аймактардагы жашоо-шартты жакшыртууга аракет кылсак, өлкөбүз да өнүгөт. Биздин негизги милдеттерибиздин бири ушул. Сиздердин жигердүү аракетиңиздердин арты менен көп маселелер ыкчам чечилет деп ишенем”, – деди Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий