• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жумабеков: Аймактарда маданий жайларды оңдоп, ишке киргизүү талабы коюлууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Эл аралык театр күнүнүн алкагында маданият өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.
Театр жашоо күзгүсү экенин белгилеген Төрага Дастанбек Жумабеков: “Сахнада коюлган оюндар коомдогу абалды анык көрсөтүп турат. Айрыкча, көркөм образдар менен берилген ар бир роль көрөрмандарды сыйкыр дүйнөгө жетелейт”, – деди.
Ошондой эле театрлардын учурдагы абалына да токтолгон Төрага: “Тилекке каршы, 90-жылдары өлкөдөгү экономикалык абал элди маданий жайлардан алыстатып койду. Натыйжада көр турмушка байланган коом жаралып, театрларга баргандардын саны азайды. Бирок акыркы жылдары абал жакшырып келет. Аймактарды кыдырганыбызда мекендештерибиздин көбү маданий жайларды оңдоп, ишке киргизүү талабын кое башташты. Бул талап мени абдан сүйүндүрөт. Анткени, элдин руханий көрөңгөсү артса, коом тез өнүгөт”, – деп айтты.
Андан тышкары, жолугушууга келген маданият өкүлдөрүн Эл аралык театр күнү менен куттуктаган Дастанбек Жумабеков “Кыргыз театрынын учугу улуу чыгармалар менен уланып келет. Жакында эле Боронбай бийдин өмүр жолун чагылдырган “Керээз” спектакли сахналаштырылып, театр сүйүүчүлөрүнүн жогору баасына татыды. Буйруса, ушундай тарыхый, классикалык драмалар дагы да жарала берет деген ишеничтемин. Талыкпай эмгектенип, көрсөткөн талантыңыздардын акыбети кайтсын. Сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайм”, – деп кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Төрага “Керээз” тарыхый драмасын жазган Кайрат Иманалиевге, аталган спектаклде роль жараткан белгилүү актерлор Данияр Жанжигитов менен Эржан Осмоновго Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын ыйгарып, Болорбек уулу Адылбек жана Жеңишбек Смановду энчилүү саат менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий