• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттар Ысык-Көлдө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-апрелде парламенттин жыйынында “Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Жалпы 68 депутат “макул”, 23 депутат “каршы” деп добуш берди.

План боюнча миң гектардан ашык жерге бир нече отель жана казино куруу пландалууда. Долбоордо кумар оюндары ушул аймакта гана ойнотулары, ал жакка КР жрандары киргизилбей турганы каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабековдор.

Пикир

Оставить комментарий