• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. БШКга талапкерлерден арыздар түшүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Кара-Суу шайлоо округу боюнча талапкер 1987-жылы туулган Маматов Руслан Номановичтен арыз түшкөн. Арызында ал убактылуу иштебей тургандыгын билдирген.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий