• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Динара Кутманова “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Динара Кутманова “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев вице-мэр, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен жумушчу кеңешмесин өткөргөн.

Кеңешменин жүрүшүндө ал тиешелүү кызматтардын эмгек жамаатына жаңы дайындалган жетекчилерди тааныштырган. Алардын катарында “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалган Кутманова Динара Асиевна бар.

Пикир

Оставить комментарий