• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дипмамилелерге 30 жыл. Кыргызстан жана Словения ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда Кыргызстан менен Словения дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер стабилдүүлүк жана позитивдүү динамика менен мүнөздөлөт.

Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жылдарында тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде туруктуу саясий байланыштар түзүлүп, соода-экономикалык кызматташтык өнүгүп, эл аралык уюмдарга катышуунун алкагында туруктуу диалог түзүлдү.

Кыргызстан Словения менен түзүлгөн достук мамилелерин жогору баалайт жана демократиялык баалуулуктарды урматтоого жана бекемдөөгө эки тараптын умтулуусуна негизделген мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерге даяр.

Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Словениянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Таня Файондун ортосунда куттуктоо каттары менен алмашуу болду.

Кыргызстанджын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.

Бүгүнкү Словения – уникалдуу тарыхы жана руханий байлыгы бар өлкө. Словениянын күчтүү саясий системасы менен заманбап мамлекетти куруудагы, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн масштабдуу милдеттерин чечүүдөгү, жарандарынын бакубаттуулугун тынымсыз жогорулатуудагы ийгилигин канааттануу менен белгилейм.

Өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндөгү кыргыз-словения кызматташтыгы мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара урматтоо жана түшүнүү жолунда өнүгө берерине ишенем.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бакыт-таалай, ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”.

Словениянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Таня Фйондун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Словения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата чын жүрөктөн куттуктап, Сиздин өлкөңүзгө жана анын элине прогресс, гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалайм.

Акыркы 30 жылдын ичинде биздин өлкөлөр эки тараптуу жана көп тараптуу платформаларда достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүшкөнүн кубанычтуу белгилеймин.

Менин жакында болгон иш сапарым жана биздин чын ыкластуу сүйлөшүүлөрүбүз күчтүү таасир калтырды жана Словения менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалат жана биздин өлкөлөр өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну кеңейтет деп ишенем”.

Пикир

Оставить комментарий