• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Доха шаарында кыргыз азыктарын Катарга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Кыргыз тараптын демилгеси менен кечээ, 8-декабрда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбековдун Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Нассер Аль-Тани менен жолугушуусу ѳттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар айыл-чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «АГРИТЕК- 2020» Эл аралык көргөзмөсүнө катышуусун талкуулашты.

Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын айыл-чарба тармагындагы потенциалы боюнча маалымат берип, катарлык рынокко кыргыз азыктарын экспорттоо мүнкүнчүлүктөрүн белгиледи. Министрдин орун басары Шейх Фалех Аль-Тани КРнын өкүлдөрүнө алдыдагы көргөзмөгө катышуу үчүн, керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо жана чогуу иштердин артыкчылыктуу тармактарын аныктоо максатында ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий