• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Душанбеде Шаар күнү шаан-шөкөт менен белгиленбей калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Душанбенин мэри борбор калаа күнүнө карата массалык иш-чараларды уюштуруу боюнча буга чейин кабыл алган чечимин жокко чыгарды. Маалыматка караганда, бул чечим коронавирустун жайылышынын алдын алуу жана калктын саламаттыгын сактоо максатында кабыл алынды.

Буга чейин Душанбе мэри Рустам Эмомали 18-апрелде шаар күнүн белгилөө жөнүндө токтомго кол койгон.

Жыл сайын апрелдин үчүнчү ишембисинде Душанбеде Шаар күнү белгиленип, массалык-маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келген.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий