• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абал: Нарында жарандар үчүн ишеним телефондору иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Нарында жарандар үчүн ишеним телефондору иштеп жатат. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жарандар ишеним телефондоруна көйгөй жаралган учурда кайрыла алат. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы - 03522 5 70 22, 5 09 20, 0700 20 09 90; Нарын шаарынын телефон номерлери - 03522 5 09 08, 0704 1923 10; Ат-Башы районунун телефон номери 03534 23 2 83.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 466 кишиге жетти. Алардын ичинен 104ү медицина кызматкер. Коронавирустан 91 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий