Душанбеде вирус жуктурган бейтаптар үчүн убактылуу оорукана даярдалат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Душанбе мэри Рустам Эмомали борбор калаада коронавирус инфекциясын жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн үч миң орундуу убактылуу оорукана даярдоого буйрук берди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Рустами Эмомали оорукананы адискөй кызматкерлер, медициналык жабдуулар менен камсыздоону тапшырган.

Маалыматта инфекциялык оорукана кайсы жерде жайгаша турганы айтылган эмес.

Тажик бийлиги 3-майда 128 киши вирус жуктуруп алганын, 2 киши көз жумганын билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга баа берип, коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынын алдын алууга жарда берүү үчүн Тажикстанга келишкен.

Пикир

Оставить комментарий