• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбеден Самарканд жана Бухарага авиакаттамдар ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. Тажикстан “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясынын Самарканд, Бухара жана Душанбе арасында авикаттамдарды ачуу сунушун колдоду. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын транспорт министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

“Бул маселе боюнча чечим кабыл алынды жана өзбек тарапка жооп жөнөтүлдү. Жаңы каттамдар жакынкы келечекте ачылат”, – дешти министрликтен.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиабайланыш чейрек кылымдык тыныгуудан кийин 2017-жылы февралда жандандырылган. Учурда “Өзбекстан аба жолдору” Ташкенттен Душанбенин эл аралык аэропортуна жумасына бир жолу каттайт.

Эки өлкө ортосундагы авиакаттам 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон.

Пикир

Оставить комментарий