• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБ өкмөт аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны боз үйдө өтүп жатат

ЕАЭБ 0

Чолпон-Ата, 09.08.19. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын тар курамдагы жыйыны боз үйдө өтүп жатат.

Жыйын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Боз үйдүн ичине кирген өкмөт башчылар алгач абдан таң калышкан.

Быйыл Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны Кыргызстанда өтүп жатат.

Жыйынга катышуу үчүн төмөнкү премьер-министрлер чогулушкан: Армения - Никол Пашинян, Беларусь - Сергей Румас, Казакстан - Аскар Мамин, Россия - Дмитрий Медведев жана Кыргызстан - Мухаммедкалый Абылгазиев.

КР өкмөттүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамда өтмөкчү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген, анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий